Бишкекте кошумча 50 автобус линияга чыкты

13 декабря 2023, 11:45

Бишкек шаарындагы линияларга кошумча 50 автобус каттамга чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муну менен линиядагы автобустардын аралыгы 7-8 мүнөттү түзөрү айтылды.

Буга чейин айрым жүргүнчүлөр автобустарды узак убакытка күтүп жатканына даттанышкан.

Белгиленгендей, ордо калаада кошумча чыгарылган транспорттор менен автобустардын саны 500гө жетти. Апта соңуна чейин дагы 60 автобус каттамга чыгышы мүмкүн.