Бишкекте криптовалюта алмаштыргычтар тобунун кылмышы ачылды

6 марта 2024, 10:00

Бишкекте “Телеграмм” платформасы аркылуу синтетикалык баңги заттарды сатуу максатында криптовалюталык алмашуу кызматын көрсөткөн адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Белгиленгендей, ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө крипто алмаштыргычтар тобу кармалып, көп сандагы банк карталары, уюлдук телефондор жана сим-карталар, ошондой эле ири өлчөмдөгү баңги заты алынган.

Иликтөөнүн негизинде баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген жана криптовалюта аркылуу ортомчулук кызмат көрсөткөн Кыргызстандын беш жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. 

Учурда жарандарга баңгизаттарды таратып жаткандарды, ошондой эле бул мыйзамсыз аракеттерге көмөктөшкөн башка адамдарды аныктоо иштери улантылууда.