Бишкекте кыргыз-жапон бизнес диалогу өтөт

15 ноября 2023, 16:30

27-ноябрда Бишкекте кыргыз-жапон бизнес диалогу өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ага Жапониянын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү келери пландалууда. 

Иш сапарынын алкагында Жапониянын Орусия менен соода ассоциациясынын жана РОТОБОнун делегациясы келери пландаштырылган. Анын курамына ITOCHU Corporation, Sojitz Corporation, Toyota Tsusho Corporation, Mitsubishi Corporation, Marubeni Corporation, Mitsui&Co., LTD, MHI Russia LLC сыяктуу ири компаниялар кирет.