Кыргызстан-Азербайжан: Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйыны өтүүдө

11 октября 2022, 16:30

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат. Иш-чара Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулууда.

Азербайжандын президенти Кыргызстанга бүгүн келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды. 

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мындан тышкары “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Бакуга расмий сапар менен быйыл апрелде барган.

Белгилеп кетсек, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 100 миллион доллардын тегерегинде.