Бишкекте «Кыргызстан-Словения» бизнес форуму өттү

10 февраля 2023, 11:35

Бүгүн 10-февралда Бишкекте “Кыргызстан-Словения” бизнес форуму өттү. Ага Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрү, бизнес өкүлдөрү жана Словениянын Ишкердикти, интернационалдаштырууну, чет элдик инвестицияларды жана технологияларды өнүктүрүү боюнча “Spirit” мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышты. 

Иш-чаранын алкагында кызматташуу боюнча эки меморандумга кол коюлду: 

  • Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Словениянын Ишкердикти, интернационалдаштырууну, чет өлкөлүк инвестицияларды жана технологияларды өнүктүрүү боюнча “Spirit” мамлекеттик агенттиги ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • “ЖалГрупп Азия” и DUOL d.o.o. ЖЧК ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум. 

Ошондой эле, форумда тараптар өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн өнүктүрүү, энергия, туризм жана бизнеске инвестиция тартуу пландарын талкуулашты. 

“Кыргызстан менен Словениянын соода жүгүртүүсү 12,1 миллион долларды түзөт. Бул сумма дагы жогорулайт деп ойлойбуз. Бизнес мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, алака түзүүгө жана эки тарапка тең пайдалуу келишимдерге кол коюлат деп ишенем”, - деди Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев.