Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү тууралуу улуттук форум өтөт

27 января 2022, 18:50

Бишкекте "Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана аларды чечүү жолдору" Улуттук форуму өтөт. Министрлер кабинетинен маалым болгондой, иш-чара 10-февралда уюштурулат.

Анда энергиянын кайра жаралуучу булактарынын учурдагы абалы, анын ичинде энергиянын ишенимдүү булактарына жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана энергетикалык сектордун айлана-чөйрөгө таасир этүү деңгээлин төмөндөтүү зарылдыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү келечеги талкууланат.

Аталган форум жаңылануучу булактар тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүчү кыргызстандык жана чет өлкөлүк рыноктун катышуучуларын, тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун, эл аралык уюмдардын жана компаниялардын өкүлдөрүн бириктирүү аркылуу энергиянын кайра жаралуучу булактары рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат, - деп айтылды Министрлер кабинетинин басма сөз кызматын тараткан маалыматта.