Бишкекте муниципалдык “Эко таксинин” биринчи партиясы ишке кирди

27 сентября 2023, 10:30

Бишкекте муниципалдык “Эко таксинин” биринчи партиясы ишке кирди. Мэриядан билдиришкендей, жаңычылдык ордо калаада экологиялык таза транспортту жайылтуу демилгесинин бир бөлүгү болуп эсептелет.

Ал абага зыян заттарды чыгарууну кыйла азайтат деп пландалууда.

“Эко такси” автобус-троллейбустар үчүн бөлүнгөн атайын тилке менен жүрөт жана баасы коммерциялык таксилердикине салыштырмалуу арзаныраак болот.