Бишкекте муниципалдык кызматтар штаттык режимде иштеп жатышат
Бишкекте муниципалдык кызматтар штаттык режимде иштөөдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери караңгы түндөн тартып митингчилердин артынан тазалап жатышат.
«6-октябрга карата Бишкекте жалпы 821 кызматкер, 55 атайын техника тартылган. Таштандылардын көлөмү эсептелинет», - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мэриянын алдындагы башкы кызматтар дагы штаттык режимде иштөөдө.