Бишкекте Түркиядан жасалма доллар алып келип саткандар кармалды

4 декабря 2023, 13:45

Бишкекте Түркияда жасалган АКШнын жасалма валютасын сатып жүргөн эки адам кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Шектүүлөр Кыргызстандын жарандары. Алар УКМКнын Жалал-Абад облустук тергөө абагына киргизилди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр Өзбекстан жана Түркиянын жарандары менен биргеликте иш алып барышкан.

Аларга каршы  Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен иш козголду.