Бишкекте төрт миңдей абонент жарыксыз калышы мүмкүн

30 января 2024, 09:35

Бишкекте 3 миң 800дөн ашык абонент карызы үчүн электр энергиясы жок калышы мүмкүн. Ордо калаанын электр тармактар ​​ишканасынан билдиришкендей, өчүрүү бүгүн жүргүзүлөт.

Суукта жарыгы жок калбаш үчүн керектөөчүлөргө карызды дароо төлөө сунушталат. Ал үчүн төлөм терминалдарын жана электрондук капчыктарды колдонсо болот.