Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү белгилүү болду

11 апреля 2024, 13:05

Бишкекте ысык суу 22-апрелден 1-июнга чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБдин директору Алпбек Садыров билдирди.

Ал белгилегендей, быйыл ордо калаанын ЖЭБинде жана жылуулук тармактарында пландалган масштабдуу иштерге байланыштуу ысык суу узак мөөнөткө өчүрүлөт.