Бишкекте жасалма доллар менен IPhone 15 сатып алган жаран кармалды

5 декабря 2023, 11:05

Бишкекте жасалма доллар менен IPhone 15 сатып алган Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине А.О. аттуу жаран кайрылып, IPhone 15 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун 1 миң 300 доллар жасалма акча менен төлөп берген белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү Ж.К. аттуу 1998-жылы туулган жаран кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү милиция кызматкерлерине 29 жасалма 100 доллар купюрасын, ошондой эле мурда кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефонун жана дагы бир IPhone 15 уюлдук телефонун өз ыктыяры менен берген.