Бишкекте жаңы Жылуулук электр борборун куруу пландалууда

4 марта 2024, 11:32

Бишкекте дагы бир Жылуулук электр борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди. 

Анын айтымында, бул долбоорду иштеп чыгуу 2023-жылы башталган, учурда долбоор кол коюу алдында турат. 

"Аталган жылуулук борбору Бишкекте көп жылдан бери иштебей турган "Айыл чарба машина куруу заводу" деген отказандын ордуна курулат. Ал болжол менен 100 МВт электр жана 200-300 МВт жылуулук кубаттуулукта болмокчу. ЖЭБ борбор калаанын батыш тарабындагы жылуулук алган керектөөчүлөрдү камсыздайт", - деди ал.