Бишкектеги №107 маршруттук каттамга 14 автобус киргизилди

17 ноября 2023, 09:55

Бишкектеги №107 маршрутту мэриянын муниципалдык ишканасы тейлемей болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, эми №107 кичи автобустун ордуна ушул эле номердеги автобустар жүрө баштады. Маршрут “Арча-Бешик” конушунан “Ак-Босого” конушуна чейин созулат. 

Ошону менен шаардын түштүк жана түндүк тарабын да камтып, жолдун узундугу 38 км, автобустардын аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.

Мындай чечим шаардын транспорт тармагын оптималдаштыруунун жана тургундардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен мекемелер аралык комиссия тарабынан кабыл алынды.