Бишкектеги акимиаттар бир күндүк маяналарын Түркияга которду

10 февраля 2023, 09:58

Бишкектеги райондук администрациялардын кызматкерлери Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк эмгек акыларын которду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ошондой эле, Бишкектеги Саламаттык сактоо департаментинин кызматкерлери да жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултушту.

Эске салсак, 6-февралда Түркия менен Сириянын чектеш аймагында эки жолу күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

ББС түрк кызматынын маалыматы боюнча, учурда бул зилзалада каза болгондордун жалпы саны 17 миң 674 болду.