Бишкектеги азык-түлүк жарманкеси май айына чейин болот

4 февраля 2022, 14:15

Бишкекте дем алыш күндөрү өтүп жаткан азык-түлүк жарманкеси май айына чейин уланат. Айыл-чарба министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара ишемби жана жекшемби күндөрү эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин борбордогу Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

Жарманкенин максаты өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы ортомчулардын санын азайтуу аркылуу чекене бааларды кармап туруу болуп саналат.