Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борбору 5 млн сомго жабдуу сатып алат

1 июня 2023, 16:41

Бишкек шаарындагы №2 Үй-бүлөлүк медицина борбору 4,987,000 млн. сомго медициналык жабдууларды сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, тендердик сунуштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 16-июнь.

Талапка ылайык, конкурска катышып жаткан тараптын салык боюнча карызы болбошу керек.

Ошондой эле, эки жылдан кем эмес окшош келишимдерди, кызматтарды аткаруу тажрыйбасына ээ болушу шарт.