Бишкектеги коомдук транспортто жол кирени көтөрүүнүн мөөнөтү жылды

15 января 2024, 09:00

Бишкек шаарындагы коомдук транспортто жол кирени көтөрүүнүн мөөнөтү жылды. Мэриянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, майрамдык эс алуу күндөрүнө байланыштуу тийиштүү токтомду даярдоо аягына чыга элек.

Буга чейин тарифтер бүгүнтөн тарта кымбаттай турганы кабарланган. Бирок азырынча жүргүнчүлөр мурдагы баа менен төлөй беришет.

Токтом качан даяр болуп, кайсыл күнү күчүнө кирери азырынча белгисиз.