Бишкектеги полигонго 22 млн сомго эски тосмолорду орнотушкан

19 марта 2024, 13:05

"Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 22 млн 324 миң сомдон ашык зыян келтирген. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь айынын аягында "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасы бетон тосмолорун орнотуу боюнча кызматтарды сатып алууга тендер жарыялаган.


 “Санитардык полигондун айланасына бетон тосмолорун орнотууга Бишкек мэриясы 22 млн 320 миң сомдон ашык каражат бөлгөн. "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдары тарабынан сметалык документтер берилген эмес. Мындан тышкары подрядчынын эсебине акчаны бир аз аткарылган иш үчүн эмес, бир эле учурда бардык бөлүнгөн сумманы которуп коюшкан. Бирок аткарылган иштин сапаты талаптарга такыр жооп бербейт. Подрядчы жаңы эмес курулуш материалдарын (тосмолорду) колдонгон”, - деп айтылат маалыматта. 

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.