Бишкектеги ШКУ жыйынында 14 документке кол коюлду

26 октября 2023, 13:15

Бишкектеги Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынында 14 документке кол коюлду.

Алар көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын жүзөгө ашыруу иш-чаралары боюнча баяндама, уюмдун ишин уюштуруу, бюджети жана каржылык эрежелери, уюмга мүчө өлкөлөрдүн темир жол мекемелеринин иш-чаралар планы, тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу мекемелердин санариптик соода чөйрөсүндөгү кызматташуу келечегин изилдөө демилгеси боюнча документтер.