Бишкектеги таза суу көйгөйүн чечүү үчүн 500 млн сом керектиги айтылды

8 июня 2023, 11:31

Бишкектин суу маселесин чечүү үчүн кеминде 500 млн. сом керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди. 

Анын айтымында, “Баш-Карасуу” суу топтогон жайын кеңейтүү үчүн 4 гектар, ”Сельский” суу алгычынын жанынан 3 гектар, “Контррезервуар” жайынын жанынан дагы 4 гектар жер тилкеси курулуш иштерине берилиши керек. 

Ошондой эле, ал суу көйгөйүн чечүү максатында Айылчиев көчөсүн бойлой Абдрахмановдон Жайыл баатырга чейин узундугу 1000 метр линиялык суу түтүгүнүн курулушу аяктап жатканын билдирди. 

Белгилеп кетсек, Бишкекте күн ысыгандан бери айрым райондун тургундары бир нече күндөн бери суу чыкпай жатканына арызданышууда.