Бишкектеги өзү билемдик курулуштары бар участокторго 2 миң 566 техпаспорт берилди

10 марта 2022, 14:10

Бүгүнкү күндө "Кадастр" мамлекеттик мекемеси Бишкек шаарынын турак жай имараттарындагы өзү билемдик курулуштары бар участокторго 2 566 техникалык паспорт берди.

Белгилүү болгондой, жалпысынан 6 миң 979 арыз түшкөн, ал эми 6 031 кыймылсыз мүлк бирдиги изилденген. Техпаспортторду 339 тургунга берүүдөн баш тартылды.

3 миң 22 техникалык паспорт даярдалган, алардын ичинен 2 миң 566 паспорт берилди.