Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына түз аба каттамы ачылат

9 ноября 2023, 16:25

Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" аба майданынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттам ушул жылдын 12-декабрынан тарта аткарыла баштайт.

Чэнду шаарына самолет жумасына эки жолу - шейшемби жана ишемби күндөрү 30-мартка чейин каттайт.