Биржанын листингинен «Бишкекжылуулуктармагы» жана «Түндүк электр» чыкты

30 августа 2022, 12:21

Кыргыз фондулук биржасынын листингинен “Бишкекжылуулук” жана “Түндүк электр” ААКсы чыкты. Бул аталган компанияларды кайра уюштуруу жол-жоболоруна байланыштуу, деп билдирди КФБ.

Тактап айтканда, “Бишкекжылуулук” ачык акционердик коому “Электр станциялары” менен бириктирилген. Ал эми “Түндүк электр” Кыргызстандын Улуттук электр тармагына кошулду.

“КФБ ЖАКтын листингдик эрежелерине ылайык, 18-августта эки компаниянын тең жөнөкөй акциялары “В” категориясындагы листингден чыгарылды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, “Бишкекжылуулук” ААКсы 2012-жылдын март айынан бери биржада турат. Акыркы бүтүм 0,49 сом, капиталдаштыруу - 472 миллион 970 миң сом, баалуу кагаздардын саны - 965 миллион 237 миң 234 даана баа менен жүргүзүлдү. “Түндүк электр” ишканасы 2010-жылдын ноябрь айынан бери тизмеде турат. Акыркы бүтүмдүн акциясынын баасы 0,22 сомду, капиталдаштыруу 216 миллион 210 миң сомду түзгөн.