«Бишкекжылуулук тармагы» «Электр станцияга» бириктирилет

3 марта 2022, 16:24

24-мартта «Бишкекжылуулук тармагы» ачык акционердик коомунун баалуу кагаздарын кармоочулардын жылдык жалпы чогулушу болот. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Күн тартибинде “Бишкекжылуулук тармагы” акционердик коомун “Электр станциялары” ишканасына бириктирүү жолу менен кайра түзүү боюнча чечим кабыл алуу каралууда.

Акционерлер ошондой эле эсептөө комиссиясынын курамын бекитүүнү талкуулашат.