Бишкекти жылуулук менен камсыздаган 22 от казан газга өткөрүлдү

20 октября 2023, 13:40

Бишкекти жылуулук менен камсыздаган 22 от казан газга өткөрүлдү. Бул тууралуу калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Маалыматка ылайык, ордо калаада 74 от казан бар, анын 22си көмүр менен иштеп келген.

Ошондой эле 9 жаңы конуш газдаштырылып, 6 миң 900дөн ашык үй көгүлтүр от менен жылытууга өткөрүлдү. Белгиленгендей, бул аракеттер Бишкектеги ыш маселесин чечүүгө багытталат.