Бишкектиктердин “Тазалык” ишканасына карызы 70 млн сомдон ашты

21 января 2022, 13:10

Бишкек шаарынын тургундарынын "Тазалык" ишканасына карызы 70 миллион сомдон ашты. Муниципалдык мекемеден билдиришкендей, жарандардан аласаларды өндүрүү кыйын болууда.

Ишканадагылар белгилешкендей, коммуналдык кызматтарга карызы бар керектөөчүлөрдү өчүрүп коюуга болсо, таштандыны чыгарбай кетүү мүмкүн эмес болуп жатат.