Бишкектин аймагы дээрлик үч эсе кеңейет

29 декабря 2023, 11:15

Бишкектин аймагы дээрлик үч эсе чоңоет. Бул тууралуу шаардык кеңештин отурумунда мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы сунуштарга ылайык, ордо калаа аймагы 12 миң 900 гектардан дээрлик 38 миң гектарга чейин кеңейет. Бишкекке 8 айыл өкмөтү жана айрым айыл аймактары кошулат.

Мэр белгилегендей, тиешелүү жарлыкка президент кол коюшу керек.