Бишкектин айрым райондорунда 9-апрелде суу болбойт
9-апрелде Бишкектин айрым райондорунда 9:00дөн 23:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал күнү саат Фрунзе көчөсү, Манас проспекти, Жибек-Жолу проспекти, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрүн камтыган аймакта суу болбойт.
Суу Белинский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.