Бишкектин айрым жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салынды

14 марта 2022, 16:15

Ушул жылдын 11-мартынан 11-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралардан сырткары жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан уюштурулган митинг-акцияларды Орусиянын элчилигинин алдында, борбодук “Ала-Тоо” аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик аппаратынын имаратынын алдына өткөрүүгө тыюу салынды. Тиешелүү чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Маалыматка ылайык, жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар митинг-акцияларды борбор калаадагы Максим Горький атындагы скверге өткөрө алышат.