Бишкектин Ак-Тилек-2 жаңы конушуна жаратылыш газы берилди

9 октября 2023, 10:40

Бишкектин Ак-Тилек-2 жаңы конушуна жаратылыш газы берилди. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы конуштагы 216 үй кышында газ менен жылытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Буга чейин 45 миң үй көгүлтүр отко туташкан.

Учурда 11 конушту газдаштыруу иштери аяктап жатат, жалпы 10 миң үйгө газ берилет.

Эске салсак, буга чейин калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров 2024-2025-жылдары шаар толугу менен газга өтөрүн билдирген.