Бишкектин бюджетинин киреше бөлүгү 18,4 млрд сом деп бекитилди

3 мая 2023, 14:41

Шаардык кеңештин депутаттары Бишкек шаарынын 2023-жылга карата бюджетин бекитти. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, шаардын киреше бөлүгү 18 млрд. 390 млн. сом өлчөмүндө болжолдонууда. 

Капиталдын бюджети тең салмактуу болгондуктан, чыгашалар киреше деңгээлинде пландаштырылат. Алардын үчтөн биринен көбү билим берүү тармагына бөлүнгөн.