Бишкектеги кайра шайлоого 215 миң 758 бюллетень даярдалды
Борбордук шайлоо коммиссиясы Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого бюллетендерди участкаларга жиберди. БШКдан билдиришкендей, бүгүн "Учкун" ААКнын имаратында 27-февралда өтө турган шайлоо бюллетендерин кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюлду.
Маалыматка ылайык, Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоого 104 миң 788 бюллетень даярдалды. Анын 41 миң 916сы кыргыз тилинде, орус тилинде - 62 миң 872. Ал эми, Брайл арибинде 240 бюллетень жасалды.
Биринчи май шайлоо округу боюнча болсо 110 миң 970 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде – 44 миң 388, орус тилинде болсо 66 миң 582. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 240 бюллетень жасалды.
Белгилеп кетсек, борбор калаадагы кайра шайлоого жалпысынан 51 талапкер катышууда.