Бишкектин «Келечек» конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

18 мая 2023, 15:00

Капиталдык курулуш башкармалыгы Бишкектин “Келечек” конушуна бала бакча курууда. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 100 балага ылайыкталган. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бала бакчаны "Бай Мен" ЖЧКсы курууда. 

Учурда бала бакчанын каркастары орнотулуп, темир-бетон колонна орнотуу  боюнча иштер аткарылды.