Биткоин 20 миң доллардан төмөн соодаланууда

10 марта 2023, 11:19

Бүгүн, 10-мартта негизги криптовалюта 19,9 миң долларга соодаланып жатат. Маалыматтар Coinmarketcap.com аналитикалык порталында берилген.

Кечээ, 9-мартта биткоиндин баасы 21,6 миң долларга жеткен. Ошентип, бир күндүн ичинде биткоин 8,5% баасын жоготкон.

Эфириум да акыркы 24 саат ичинде кескин 9,2%га төмөндөдү. Учурда анын баасы 1 миң 410 доллар деңгээлинде. Кечээ негизги альткоиндин баасы 1 миң 540 долларды түздү.