Быйыл 11-классты 67 миң окуучу аяктайт

14 апреля 2022, 09:30

Кыргызстанда быйыл 11-классты 67 миң окуучу аяктайт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, анын 8 миңден ашыгы Бишкек шаарынын окуучулары.

Ал эми 9-классты 106 миңден ашык окуучу бүтүрөт. Алардын ичинен 14 миңден ашууну борбор калаа мектептеринин бүтүрүүчүлөрү.

Мекемеден кошумчалашкандай, акыркы коңгуроо болжол менен 9-июнда кагылат.