Кыргызстанга ушул айда Италиядан ишкерлер келери күтүлүүдө

11 ноября 2021, 09:22

Италиянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын рыногунда иштөөгө чоң кызыгууну баса белгилешти жана ушул айда Италиядан бизнес-делегациянын республикага сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти. Бул тууралуу 9-ноябрда Римде Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин италиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда сөз болду.

Бизнес өкүлдөрү менен байланыш түзүү үчүн Кыргыз Республикасына келүүгө даяр экенин билдирген компаниялардын арасында энергиянын кайра жаралуучу булактары, гидроэнергетика, айыл чарба, металлургия тармагына адистешкен ишканалар бар.