Кыргыз бизнес чөйрөсү польшалык ишкерлер менен кызматташат

30 сентября 2022, 13:43

26-сентябрда кыргыз-поляк бизнес форуму өтүп, ага 20 кыргызстандык жана 25 польшалык бизнес өкүлдөрү катышты. Форумда кыргыз жана поляк компанияларынын ортосундагы кызматташтыкты түзүүнүн жолдору талкууланды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мындан тышкары, кыргызстандык ишкерлер Польшада өткөн “Agro Show” эл аралык айыл чарба көргөзмө-жарманкесинде болушту. Көргөзмөнүн алкагында кыргыз бизнес өкүлдөрү Польшанын айыл чарба машиналары жана жабдуулары боюнча Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен жолукту.

Кыргызстандык ишкерлер Польшанын канализациядагы сууларды тазалоочу “Crimea” жана электргенераторду өндүрүүчү “Horus Energia” ишканаларын көрүштү.

Ошондой эле, ишкерлер Германияга барып, Ганновер жана Берлин шаарларында өткөн эл аралык көргөзмөлөргө катышты. Алар Германиянын агробизнес ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугуп, анда айыл чарба тармагында кызматташууну түзүү маселелери кеңири талкууланды. Немис тарап Кыргызстан менен айыл чарба тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.