Кыргыз ишкерлерин Иранда өтүүчү көргөзмөгө чакырышты

3 января 2023, 10:15

Ушул күндөрү, 31-январдан 3-февралга чейин Иран Ислам Республикасынын түндүк провинцияларындагы чакан жана орто бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн үчүнчү адистештирилген көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди. 

Мекеменин билдирүүсүндө иш-чара Гүлистан провинциясынын эл аралык көргөзмө аянтында өткөрүлөт. 

“Провинция лидерлери бизнес-делегацияларды тамак-аш өнөр жайы жана курулуш материалдарынын өкүлдөрүнө артыкчылык менен кабыл алууга, ишкерлердин Гүлистан провинциясында эки күндүк чыгымдарын көтөрүүгө даяр экендигин билдиришти”, - деп белгилейт Соода-өнөр жай палатасы.