Орусиянын ири соода түйүндөрүнүн текчелеринде Кыргызстандын товарлары сатылат

1 августа 2021, 13:02

Экспортчуларга колдоо көрсөтүү максатында 29-30-июлда Кыргызстандын Экономика жана каржы министрлиги БУУнун өнүктүрүү программасынын "Борбордук Азияда соодага көмөктөшүү" долбоору менен биргеликте орусиялык чекене сатуучулар менен В2В форматындагы жолугушууларды өткөрдү.

Иш-чарага тамак-аш, айыл чарба жана тигүү өндүрүшүнүн 35тен ашуун ата мекендик компаниялары катышты. Орус тараптан контакт алмашууга Россиянын "Магнит", "‎Утконос", "‎Слата", «"Продмассив Сибирь", "‎Агромирмаркет" жана "‎Доброцен" сыяктуу соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Министрликтин маалыматы боюнча, В2В сессияларынын жыйынтыгы боюнча орусиялык соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү кыргыз продукциясына кызыкдар экенин билдиришти жана тышкы соода келишимдерин түзүү боюнча мындан аркы иштерди жүргүзүүгө макул болушту.