Бизнес банктарга 2 млрд сомдон ашык карыз

23 декабря 2022, 11:19

Юридикалык жактардын улуттук валютада берилген кредиттер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карызы 2022-жылы 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 30%га өскөн. Муну Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы тастыктайт.

2022-жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча юридикалык жактардын банктарга карызы 2 миллиард 118,41 миллион сом болсо, бир жыл мурун бул сумма 1 миллиард 633,71 миллион сомду түзгөн.

Белгилеп кетсек, өткөн жылдын 4-кварталында бул көрсөткүч 1 миллиард 598,43 миллион сомго чейин төмөндөп, бирок 2022-жылдын биринчи кварталында кайрадан 17%га дароо өскөн.

Мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөрдүн негизги көлөмү дүң жана чекене соода, ошондой эле автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо менен алектенген ишкерлерге туура келет.