Кыргыз-түрк ишкерлери 2,7 млн долларлык келишимге кол коюшту

1 марта 2024, 11:26

Кыргыз-түрк форумунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын ишкерлери 2,7 млн долларлык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. 

Аталган форумга 200дөн ашык компания катышты.

“Кыргызстандын экспортун жогорулатуу максатында ата мекендик компаниялар өз продукцияларын көрсөтүштү, ошондой эле эки тараптуу бизнес сүйлөшүүлөр да жүргүзүлдү”, - деп белгилейт Экономика министрлиги.