Бизнес Кыргыз фондулук биржасына 49.8 млн сом тартты

3 августа 2021, 09:14

Июль айынын акыркы аптасында бизнес Кыргыз фондулук биржасына 49,8 миллион сом тарткан. Биржанын сайтындагы маалыматка ылайык, жалпысынан, биржалык рынокто 14 бүтүм жасалды, бул жуманын жалпы соода көлөмүнүн 54 пайызын түздү.

Бөлүмдөгү эң ири бүтүм "Тоо-Тек" ААКнын үчүнчү, кошумча чыгарылышынын жөнөкөй акциялары менен түзүлдү, жайгаштыруу көлөмү бир акцияга 202,42 сом менен 48,6 миллион сомду түздү.

Сектор боюнча калган 13 бүтүм "Салым Финанс" ААКсынын корпоративдик облигациялары жана "Первая металлобаза" ЖЧКсы менен катталган. "Салым Финанс" 6-чыгарылыштын облигацияларын 100 миң сомго жайгаштырды, "Первая Металлобаза" ЖЧКсы жума ичинде 6-чыгарылыштын облигацияларын жайгаштыруу үчүн 1,1 млн сом тартты. Компаниялардын эмиссиясы 53-55%га жайгаштырылган.