Бизнес чөйрө 2026-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын талкуулайт

23 сентября 2021, 10:50

Кыргызстандын ишкерлери өлкөнүн 2026-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын талкуулашат. Форум Экономика жана Каржы министрлигинин демилгеси менен өтөт.

Мекеме стратегия ресурстарды сарамжалдуу, адилеттүү бөлүштүрүүгө жана пайдаланууга, инвестиция тартууга кылдат мамиле кылууга, чакан жана орто бизнести колдоого багытталганын белгиледи.

Кыргызстанды транзиттик туюктан чыгаруу үчүн транспорттук багыттарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, катышуучулар салык системасындагы реформаларды жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү талкуулашат.