Орусия өкмөтү жумушсуз отурган жарандарга компенсация төлөө үчүн 1 трлн рубль бөлөт

11 апреля 2020, 15:15

Орусия өкмөтү экономиканы колдоого кошумча 1 трлн рубль бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу vc.ru порталы Bloomberg басылмасынын билдирүүсүнө таянуу менен билдирди. 

Маалыматка ылайык, каражаттын бир бөлүгү карантинге байланыштуу жумушсуз отурган жарандарга компенсация катары төлөнүп берилет. 

«Каржылоо улуттук резерв фондунан эмес, насыяларды тартуу менен пландаштырылууда», — деп жазат басылма.

Финансы министрлигинин мамлекеттик баалуу кагаздар рыногуна болгон талап, беш апталык тыныгуудан соң жыйынтыгында төмөндөп кеткен.