Бишкекте 100дөн ашык муниципалдык батир менчиктештирилет

30 мая 2023, 14:22

Бишкек шаарында вице-мэр Нурдан Орунтаев менен муниципалдык турак-жайы менчиктештирилүүгө тийиш болгон жарандардын жолугушуусу өттү.

Вице-мэр документтерди даярдоонун жүрүшүнө токтолду. Жеринде тиешелүү адистерге тапшырмалар берилди.

"Бүгүнкү күндө менчиктештирүү боюнча жарандардан 150гө жакын арыздар түшүп, алар мэриянын муниципалдык турак жайларын менчиктештирүү маселелерин кароо боюнча комиссиянын жыйынында каралат. Бул муниципалдык батирлерде 25-30 жылдан ашык жашаган жарандардын категориясы. Алардын менчиктештирүү маселеси көп жылдар бою чечилбей келген. Батирлерди менчиктештирүү боюнча биринчи чечимдер кабыл алынды", - деп белгиледи мэриядагылар.