Акциялардын мамлекеттик пакети боюнча 1,3 млрд сомдон ашык дивиденддер чегерилди

11 октября 2021, 10:00

Алдын ала маалыматтар боюнча, ушул жылдын январь-август айларында республикалык бюджетке акциялардын мамлекеттик пакети боюнча чегерилген дивиденддер түрүндө 1 миллиард 318 миллион 525,2 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги тарабынан даярдалган мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча отчетто айтылды.

Бул 2020-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 10 миллион сомго көп, мамлекеттик үлүш боюнча эсептелген дивиденддер 1 миллиард 308 миллион 515,7 миң сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, маммүлктү башкаруу фондунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 98 мамлекеттик ишкана катталган жана мамлекеттин башка 38 компанияда үлүшү бар.