Эки миңден ашык аз камсыз үй-бүлөлөр жеке бизнесин ачты

23 ноября 2022, 10:10

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 2,8 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө жеке ишкерликти баштоо үчүн 100 миң сомдон гранттар берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун катышуучулары бир нече айдын ичинде айыл чарба, тейлөө, кийим тигүү, тиричилик жана соода тармагында ишкердикти өздөштүрүп, ийгиликтерге жетишүүдө. 

Эске салсак, 2023-жылы долбоордун алкагында 10 миң үй-бүлөнү каржылоо пландалууда.