250 миң казакстандык окубайт жана иштебейт

4 ноября 2019, 14:45

Казакстанда 250 миң жаран окубайт жана иштебейт. Бул тууралуу Kapital.kz. маалымдайт. 

«Бүгүнкү күндө иш менен дагы, окуу менен дагы алек болбогон NEET түшүнүгү жүрүп жатат. Эл аралык эмгек уюму берген маалымат боюнча, дүйнө жүзүндө ар бир бешинчи адам “бош” жүрөт. Казакстанда бул көрсөткүч 7.2% түзөт, бул 254 миң адам дегенди түшүндүрөт», — деп айтты  маалымат жана  коомду өнүктүрүү министри Дауцрен Абаев.