Баткенде 300дөн ашык ишкер жеңилдетилген насыя алды

25 октября 2022, 17:25

“Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоорунун алкагында 305 баткендик ишкер 217,27 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун максаты Баткен облусунун өнүгүүсүн камсыз кылуу, жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыялар аркылуу ишкерлерге жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

Быйыл Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган кичи жана орто бизнес субъекттерине айыл чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жай, туризм, транспорт, соода-логистикалык борборлор жана жашылча кампаларын, инновациялык иш-аракеттерди (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү), медициналык коргоочу каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүүнү, сооданы, кызмат көрсөтүүлөрдү, билим берүүнү, маалыматтык технологияларды экспортко жана импортко багытталган каражаттар Ислам банктарынын негиздери жана каржылоо принциптерине ылайык жеңилдетилген пайыздык чен боюнча берилет.